Өспүрүмдөр арасында алгачкы эл аралык чемпионат башталды
- 6 месяцев мурун
«Жаштык» спорт комплексинде Ю.А. Посевин атындагы эл аралык өспүрүмдөр клубдук чемпионатынын ачылышы өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мериясынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышып, шаарда спортту өнүктүрүү жана жаштарды колдоо негизги багыттардын бири экенин белгиледи.
Мэр символикалык алгачкы оюнду өткөрүп, жаш теннисчилер менен бир нече партия ойноо аркылуу катышуучуларды колдоду.
Чемпионатты Бишкек мэриясы жана «Стол тенниси Ассоциациясы» биргеликте уюштурууда. Мелдеш 28–30-ноябрь күндөрү өтүп, коңшу өлкөлөрдөн келген жаш спортчуларды бириктирет.
Муну бөлүшүү




