Жаштардын “Келечек” интеллектуалдык “Билим таймаш” сынагы өттү

  • 2 года мурун
Жаштардын “Келечек” интеллектуалдык “Билим таймаш” сынагы өттү

11-ноябрда Бишкек шаарындагы Салымбеков университетинде жаштардын “Келечек” интеллектуалдык “Билим таймаш” оюну өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Интеллектуалдык оюн 10-ноябрь-Жаштар күнүнө карата даярдалган жаштар жумалыгынын алкагында аталган министрликтин колдоосу менен уюштурулду.

Жаштардын билим деңгээлин өрчүтүү үчүн уюштурулган билим таймашка Бишкек жана Ош шаарында жайгашкан жогорку окуу жайларындагы 1-2-курста окуган студенттерден түзүлгөн командалар катышып, күч сынашты. Жаштардын жөндөмүн арттырган бул маанилүү иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков жана Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы катышып, интеллектуалдык таймаштын катышуучуларын куттуктап, жаштарды билимдүү болууга, эмгекти сүйүүгө чакырышты.

Таймашка бардыгы 20 команда катышты. Таймаш үч этаптан туруп, биринчи этапта командалар жалпы дүйнө таанымга тиешелүү болгон суроолорго жооп беришти. Экинчи этапта “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө” карата суроолор берилди. Үчүнчү этап “Эң мыкты оюнчуну” аныктоо үчүн болду. Аталган этапта ар бир командадан бирден катышуучу чыгып, алып баруучу тарабынан берилген суроолорго жооп беришти. Оюнда эң көп упай топтогон команда жеңишке жетип, баалуу белектер менен сыйланды.Жыйынтыгында алдыңкы орундарды төмөнкү командалар ээлешти:

1-орун “Элдин балдары” командасы;

2-орун “Альфа” командасы;

3-орун “Билимкана” командасы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты