Жасалма ПЦР-тест жасап-тараткан топ аныкталды

  • 2 года мурун

18-февралда улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Жалал-Абад шаарындагы “Medicana Plus” диагностикалык лабораториясынын QR-коддору менен ПЦР-изилдөөнүн терс натыйжасы жөнүндө жасалма электрондук сертификаттарды даярдоо жана таратуу үчүн туруктуу канал түзүп алышкандыгы аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Аталган лабораториянын өкүлдөрү авиакассада иштегендер менен сүйлөшүп алып, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандарга жасалма ПЦР-анализдерин сатып жүрүшкөн, ПЦР-тесттин бланкасы 1100 сомдон 1600 сомго чейин болгон.

Ковид-19 үчүн ПЦР тесттерине муктаж болгондор, ПЦР-тесттен өтпөстөн, “Medicana Plus” лабораториясынын башкы кеңсесинин кызматкери А.М. аттуу жаранга “Whats app” мессенджери аркылуу жарандардын паспортторунун көчүрмөлөрүн берип тургандыгы аныкталды.

Ушундай эле схема Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарында да аныкталган, аталган лабораториянын жергиликтүү филиалынын медайымы З.С. ПЦР-тесттерин жүргүзүп, “Finca Elsom” төлөм системасынын терминалдары аркылуу “Medicana Plus” компаниясынын башкы кеңсесине акча каражаттарын которгон.

Учурда бул коррупциялык схеманын бардык жагдайларын жана башка дагы катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты