Жасалма паспорт колдонуп жүргөн чет элдик жаран кармалды
- 1 год мурун
Кыргызстандын жасалма паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-июлда Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторун мыйзамсыз даярдоонун каналы аныкталды. Тактап айтканда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандын жасалма жалпы жарандык паспортун колдонуп жүргөн чет элдик М.М. аттуу жаран кармалды.
Кармалган жаран 20-июлда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Муну бөлүшүү