Жасалма нике менен жарандык алууга жол берилбейт. Орусия жаңы мыйзам долбоорун чыгарды

  • 2 года мурун

Орусиянын  Ички иштер министрлиги чет элдиктердин Орусия Федерациясында жасалма нике же аталыкты аныктоо аркылуу миграциялык статус алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу  Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк ТАСС агенттигине билдирди. 

“Учурда Орусиянын Ички иштер министрлиги Россиянын аймагында мыйзамсыз миграциялык статус алуу үчүн чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга жасалма никелерди жана жасалма аталыкты колдонууну жоюу бөлүгүндө миграциялык мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган федералдык мыйзам долбоорун иштеп чыкты. “, — деди Волк.

Ал белгилегендей, азыр мыйзам ведомстволор аралык макулдашуу деңгээлинде турат. Анын айтымында, 2022-жылдын 11 айында Ички иштер министрлиги мурда орус жараны менен никеге турган чет өлкөлүктөрдүн Орусия Федерациясында жашоого уруксатты жокко чыгаруу боюнча 400гө жакын токтом чыгарган.

Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар Орусиянын жараны менен үч жылдан кем эмес никеде турса же үй-бүлөдө жалпы бала болсо, жөнөкөйлөтүлгөн түрдө Орусиянын жарандыгына кабыл алуу үчүн кайрыла алышат.

Ноябрь айында Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Валентина Казакова 2022-жылдын башынан бери жасалма никени каттоо боюнча 220 факты аныкталганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты