Жасалма маркалуу 20 миң бөтөлкөдөн ашык алкоголь тартып алынды

  • 2 года мурун

Жасалма маркалуу 20 миң бөтөлкөдөн ашык алкоголь тартып алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Салык органдарынын кызматкерлери 10 күндүн ичинде республика боюнча рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө акциздик маркасы жок же жасалма маркалуу 20 миң 745 бөтөлкө алкоголдук продукцияны тартып алышты.

Ишкерлерге карата мыйзамдарга ылайык тиешелүү чаралар көрүлдү.

Белгилей кетсек, акциздик маркасы жок же жасалма маркалуу спирт ичимдиктерин сатуу фактыларынын көпчүлүгү «АЮ», «СВВЗ», «Бишкек Алко пром» жергиликтүү өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларына тиешелүү болгон.

Салык кызматы соода түйүндөрүн товарларды кабыл алууда жеткирүүчүлөрдөн алкоголдук продукцияга бардык уруксат берүүчү документтерди (шайкештик сертификат, эсеп-фактура, товардык-транспорттук коштомо кагаз) талап кылууга чакырат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты