Жарым жылда Жогорку Кеңешти каржылоого бюджеттен дээрлик 600 млн сом бөлүнгөн

  • 1 год мурун

2023-жылдын январынан июлуна чейин Жогорку Кеңештин чыгымдарын каржылоого бюджеттен 571 млн 752,1 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин 1-январдан 30-июнга чейинки республикалык бюджеттин кассалык аткарылышы боюнча отчетунда айтылат.

Андагы маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражаттын 69,7%ы же 398 млн 526,1 миң сому Жогорку Кеңештин депутаттарынын, алардын жардамчыларынын жана башка адистердин эмгек акысына сарпталган.

Унаа жана жабдуулар үчүн 21 млн 339 миң сомдон ашуун, ошондой эле кызматтык сапарлар үчүн 15 млн 540 миң сом бөлүнгөн.

Жарым жылда Жогорку Кеңешти каржылоого бюджеттен дээрлик 600 млн сом бөлүнгөн
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты