Жаратылыш ресурстары министрлигине орун басарлар дайындалды
- 1 год мурун
Болот Жусупбеков жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Алмаз Мусаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Сүрөттө: Болот Жусупбеков жана Алмаз Мусаев. mnr.gov.kg
Муну бөлүшүү




