Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри алмашты

  • 2 недели мурун

Садыр Жапаров Азис Сапаралиевди жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруудан бошотуп, анын ордуна Медер Машиевди дайындады. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрин алмаштыруу боюнча жарлыктарга бүгүн, 2-сентябрда кол койду. Ошондой эле Медер Машиевдин бул кызмат ордуна талапкерлиги Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилери айтылды.

Азис Сапаралиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп 2024-жылдын 2-июлунда дайындалган эле.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты