Жарасул Абдураимов “Кыргызалтындын” жетекчиси болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Жарасул Абдураимов “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда кадрдык дайындоону Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 11-апрелде Министрлер кабинетинин жетекчиси менен макулдашып жасаганы айтылат. Жаңы жетекчини ушул эле күнү “Кыргызалтындын” жамаатына премьер-министрдин орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырды.

62 жаштагы Жарасул Абдураимов Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. 2013-2015-жылдары “Кумтөр Голд Компани” ишканасында иштеген. “Ысык-Көл облусунда өнөр жайды өнүктүрүү жана жумушчу орундарды түзүү” долбоорун жетектеген. 2020-2021-жылдары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2021-жылдын июль айынан 2022-жылдын январь айына чейин Экономика жана коммерция министринин орун басары кызматын аркалаган.

“Кыргызалтын” компаниясын буга чейин экс-депутат Умбеталы Кыдыралиев жетектеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты