Жарандык коом Надира Нарматова демилгелеген мыйзам долбоорун четке кагуу боюнча кайрылуу жасады

  • 2 года мурун
Жарандык коом Надира Нарматова демилгелеген мыйзам долбоорун четке кагуу боюнча кайрылуу жасады

Жарандык коом депутат Надира Нарматова демилгелеген мыйзам долбоорун четке кагуу боюнча кайрылуу жасады.

21-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жана мамлекеттик каттоону жөнгө салган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”  мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү демилгеледи.

Кайрылуу Жогорку Кеңешке, президентке, Министрлер Кабинетинин төрагасына, акыйкатчыга, коомчулукка жолдонгон.

«Биз, Кыргызстандын жарандык коомунун өкүлдөрү 21-ноябрда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын мыйзам чыгаруу демилгесине абдан тынчсыздануудабыз.

Эске салсак, 2014-жылдын 26-майында Надира Нарматова Бакир уулу Турсунбай, Мадалиев Нуркамил менен биргеликте Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ушул сыяктуу өзгөртүүлөрдү парламентке киргизген, анда “чет элдик агент” түшүнүгүн киргизүү аракети болгон», — деп жазылат кайрылууда.

Анда коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигинин эркиндигин чектөө өлкөнүн өнүгүүсүнө эч кандай салым кошпой турганы жазылган. «Мыйзам долбоорун кабыл алуу көпчүлүк коммерциялык эмес уюмдардын ишин токтотууга алып келет, калктын жана мамлекеттин кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирет, ошондой эле Кыргызстандын демократиялык өлкө катары эл аралык аренадагы беделине доо кетирет», — деп айтылат кайрылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты