Жаран Орусиядагы жол кырсыгы боюнча кезексиз жыйынга чогулбаган депутаттарга нааразы. Депутаттар кандай учурда кезексиз жыйынга чогулат?

Жаран Орусиядагы жол кырсыгы боюнча кезексиз жыйынга чогулбаган депутаттарга нааразы. Депутаттар кандай учурда кезексиз жыйынга чогулат?

21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, андан 16 адам каза болду. Анын ичинен 14ү кыргыз жараны. Маркумдардын сөөгү 23-августта атайын учак менен Орусиядан алып келинген. Ушул окуяга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулбаганы боюнча “Саясат ТВ” ютуб каналы эл өкүлдөрүнө кайрылып сүйлөгөн жарандын видеосун жарыялады. Анда ал Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулбаганы үчүн депутаттарды мандатын тапшырууга чакырды.

Жаран Орусиядагы жол кырсыгы боюнча кезексиз жыйынга чогулбаган депутаттарга нааразы. Депутаттар кандай учурда кезексиз жыйынга чогулат?

“Мен кечээтен бери Жогорку Кеңештин депутаттары топтолуп, Тышкы иштер министри менен элчини чакырып “кандай көйгөйлөр бар” деп сурайт экен дегем. Билем, силер каникулдасыңар, бирок топтоло койсоңор болот го. Азыр Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары таркайт экенсиңер десе кайсы жерден болбосун жетип келмексиңер. Силер үчүн мен уялдым, намыстандым. Намысыңар болсо мандатыңарды тапшырып эле койгула”, — деген ал.

“ПолитКлиника” медиасы Жогорку Кеңештин депутаттары кандай учурда кезексиз жыйынга чогулат жана кандай учурда мандатын тапшыра турганы боюнча карап чыкты.

Депутаттар кандай учурда кезексиз жыйынга чогулат?

30-июнда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясынын жабылуу аземи өткөн. Депутаттар бир ай эс алууда, бир ай эл менен жолугушууда болушу керек. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча жыйналыштар кезектеги, кезексиз, ачык жана жабык болушу мүмкүн.

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышы шаршембиден жана бейшембиден тышкары, аптанын кайсыл гана болбосун күнү президенттин, төраганын сунушу боюнча өткөрүлөт.

Жаран Орусиядагы жол кырсыгы боюнча кезексиз жыйынга чогулбаган депутаттарга нааразы. Депутаттар кандай учурда кезексиз жыйынга чогулат?

Жогорку Кеңештин регламентинин 34-беренесине ылайык,  Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде төрага президенттин, өкмөттүн же депутаттардын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакырат.

Жаран Орусиядагы жол кырсыгы боюнча кезексиз жыйынга чогулбаган депутаттарга нааразы. Депутаттар кандай учурда кезексиз жыйынга чогулат?

Депутаттын ыйгарым укуктары кандай учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат?

Конституциянын 72-беренесинде Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары кандай учурла мөөнөтүнөн мурда токтотула турганы көрсөтүлгөн.

  • депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу жөнүндө жазуу жүзүндө арызын бергенде;
  • жарандыктан чыкканда, башка мамлекеттин жарандыгын алганда;
  • депутаттык мандатты чакыртып алганда;
  • башка ишке өткөндө же депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишин таштабаганда;
  • шайлоолор жараксыз деп табылганда;
  • туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткенде;
  • депутат сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;
  • ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
  • бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себепсиз 10 жумуш күнү жок болгондо;
  • анын дайынсыз жок болгондугун же өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
  • депутат каза болгондо.
Жаран Орусиядагы жол кырсыгы боюнча кезексиз жыйынга чогулбаган депутаттарга нааразы. Депутаттар кандай учурда кезексиз жыйынга чогулат?

Жыйынтык: “Саясат ТВ” ютуб каналы жарыялаган видеодо эл өкүлдөрүнө кайрылып сүйлөгөн жаран депутаттардын кезексиз жыйынга чогулбаганына нааразы болгон. Регламент боюнча Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде төрага президенттин, өкмөттүн же депутаттардын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча парламенттин кезексиз сессиясын чакырат. Кезексиз жыйын өткөрүү боюнча сунуш болгон эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты