Жапырт камоолор: Активист Талант Эшалиев эки айга үй камагына алынды

  • 2 года мурун

Массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган активисттердин бири Талант Эшалиев эки айга үй камагына алынды. Мындай чечимди бүгүн, 25-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

«Азаттык» радиосу адвокат Эркин Сооданбековдун маалыматына таянып, активист учурда ооруканада экенин жазды.

Талант Эшалиев 23-октябрда 20 чакты саясатчы жана активисттин катарында кармалып, эки суткага камакка алынган.

24-октябрдан 25-октябрга караган түнү Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып жатканда саламаттыгы кескин начарлап, «Тез жардам» унаасы менен ооруканага алып кетишкен. Сот жараянына активист кайра алып келинген. Сотто анын жүрөгү оорулуу экени, инфаркт абалында турганы айтылган. Активисттин акыбалы кайрадан начарлап, дарыгерлер анын жүрөгүн сот залында текшеришкен. Көп өтпөй Эшалиевди кайрадан «Тез жардам» алып кеткен.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар акыркы күндөрү «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келатышкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрдан 25-октябрга караган түнү жалпы 20 кишинин баш коргоо чарасы каралып, бардыгы эки айга камакка алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты