Жапониянын Яизу шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды
- 2 года мурун
Жапониянын Яизу шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, консулдук аталган өлкөнүн Тюбу аймагынын Айти, Фукуи, Гифу, Ишикава, Нагано, Шизуока, Тояма, Яманаси, Ниигата префектураларын камтыйт.
Ардактуу консулдукту Мичинори Йотсухаши жетектейт.
Мекеменин ачылыш аземинин алкагында Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Эркинбек Осоев ардактуу консул Йотсухащи Яизу шаарынын мэри Хиромичи Накано менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү жана илим, инновация жана туризм жаатында кызматташуу, ишкердик, маданий байланыштарды чыңдоо жана экономикалык дипломатияны өнүктүрүү маселелери талкууланганы айтылат.
Сүрөт: ТИМ
Муну бөлүшүү




