“Жапонияда жаңы тиш өстүрүүчү дары ойлоп табылды”. Текшеребиз

Социалдык тармактарда Жапонияда окумуштуулар түшүп калган тиштердин ордуна жаңы тиш чыгаруучу дары ойлоп табышканы тууралуу маалымат тарап жатат. Анда дарынын жардамы менен адамда сүт тиш жана туруктуу тиштен тышкары үчүнчү тиш өсүүсү мүмкүн экени айтылат.

“Жапонияда жаңы тиш өстүрүүчү дары ойлоп табылды”. Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Маалыматтын түп нускасы жапониялык “The Mainichi” сайтына жарыяланган. Анда жапон изилдөөчүлөрдүн тобу адамдарга жаңы тиш өстүрүүгө мүмкүндүк бере турган дарыны ойлоп табууда ийгиликке жетишкендиги, клиникалык сыноолор 2024-жылы башталары жазылган.

Аталган дары тубаса факторлордон улам тиштери толук өспөй калгандарга жардам берери айтылган. Адамда 32 тиш болушу керек. Ал тиштер толук өспөй калган учурлар кездешет. Жапон изилдөөчүлөрүнүн дарысы тиштин өсүүсүн калыбына келтире алат. Изилдөө иштери жаныбарларда жүргүзүлүп, анда дары берилген чычканга тиш өсүп чыккан.

“Жапонияда жаңы тиш өстүрүүчү дары ойлоп табылды”. Текшеребиз
Тиштин өсүшүн калыбына келтирүүчү дары берилген чычканга жаңы тиш өсүп чыккан. Сүрөт: дарынын автору Кацу Такахаши тарабынан жарыяланган.

Ошондой эле дары берилген мышыкка  6 тиштен тышкары жетинчи тиш чыкканы аныкталган. Бирок дарыны клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлө элек. Ошондуктан анын адамга тиш өстүрүүдө канчалык ийгиликтүү болору белгисиз. 

Адамдын жашоосунда тиш бир эле жолу жаңыланат. Ал эми тиштер сүт тиш жана туруктуу болуп экиге бөлүнөт. Сүт тиш ымыркай 6 айга толгондон баштап, же андан эрте чыга баштайт жана 3 жашка чейин 20 тиштин дээрлик баары чыгып бүтүшү керек. Бирок тиштердин өсүү темпи ар адамда ар түрдүү. Кээ биринде эрте, кээ биринде кеч болушу мүмкүн. Сүт тиштер 5-6 жаштан баштап түшө баштайт. Анын ордуна туруктуу тиштер чыгат. Туруктуу деп 32 тиш эсептелет. Туруктуу тиштер адамдын табигый жол менен өскөн акыркы тиштери болот.  

Гиподонтия жана олигодонтия

Тиштердин табигый жол менен толук өспөй калышы илимде гиподонтия же олигодонтия деп аталат. Эки аталыш тең бир эле маанини билдирет. Болгону гиподонтия алтыдан аз, ал эми олигодонтия алты же андан көп тиш өспөй калганда колдонулат. Гиподонтия дүйнө калкынын дээрлик 7% жайылган. Көпчүлүк учурда адамда бир же эки тиш жетишсиз болот. Бул ар кандай факторлорго байланыштуу болот.

Бир катар жаныбарлар тиштерин белгилүү бир убакыт аралыгында жаңылап турууга жөңдөмдүү. Кээ бир жаныбарлардын тиши өмүр бою токтобой өсөт. Мисалы, изилдөөчүлөр акулалар ар үч жума сайын тишин жаңылап туруу жөндөмдүүлүгүнө ээ экенин айтышат. Акуланын оозунда запастагы тиштер болуп, түшкөн тиштин ордуна жаңы тишти чыгаруу процесси тез жүрөт. 

Мындан тышкары, пилдер жашоосунда тиштерин 5 жолу жаңылашат

Жыйынтык: Адамдарга жаңы тиш өстүрүүчү дарынын ойлоп табылганы чын. Бирок ал туруктуу тиштерди жаңылоо үчүн эмес, өспөй калган тиштердин өсүүсүн калыбына келтирүү үчүн чыгарылган. Азырынча клиникалык сыноолордон өтө элек жана канчалык ийгиликтүү болору белгисиз. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты