Жапонияда кыргызстандыктарды ишке орноштуруу маселеси талкууланды

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Хамура шаарынын мэри Хашимото Хиротака менен жолугуп, кыргызстандыктарды күн чыгыш өлкөсүндө ишке орноштуруу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Жапонияга Кыргызстандын органикалык айыл чарба продукциясын экспорттоо жана Кыргызстандын жарандарын күн чыгыш өлкөсүндө ишке орноштуруу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мындан тышкары маалыматта Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата иш-чараларды өткөрүү боюнча пикир алмашуу болгону айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты