Жапония Покровка психоневрологиялык мекемесине медициналык жабдыктарды алып берет

  • 2 года мурун

Жапония Талас облусундагы Покровка аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине жалпы баасы 98 миң долларлык медициналык жабдыктарды берет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, грант-контракка Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидеки менен аталган социалдык стационардык мекеменин директору Асанкан Сапаралиев кол койду.

Ага ылайык, Жапония өкмөтүнүн «Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» гранттык программасынын алкагында Покровка аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине жалпы баасы 98 миң доллардык УЗИ терапия аппараты, стоматологиялык аппарат, кир жуугуч машина жана медициналык унаа берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты