Жапаровго Азербайжандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – Гейдар Алиев ордени тапшырылды
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 31-июлда, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго Азербайжандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – Гейдар Алиев орденин тапшырды.
Маалыматка ылайык, сыйлык Садыр Жапаровдун Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана кыргыз-азербайжан кызматташтыгын чыңдоого кошкон салымы үчүн ыйгарылды.
Сыйлык тапшыруу аземинде Алиев Кыргызстанда акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан реформаларга, аймактардагы өзгөрүүлөргө жана өлкөнүн эл аралык аброюнун өсүшүнө токтолду. Ал ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө кошкон салым жогору бааланарын белгиледи.
Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.
Муну бөлүшүү




