Жапаров: «ЖЭБди толугу менен модернизациялоого тапшырма бердим»

  • 6 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборун толугу менен модернизациялоо тапшырмасын бергенин билдирди. Бул тууралуу ал 2-февралда «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

Жапаров ЖЭБдеги жарылуу борбордун эски бөлүгүндө болгонун белгилеп, буга 2018-жылы объект толук модернизациядан өтпөгөнү себеп болгонун кыйытты.

«Ооба, авария эски бөлүгүндө болду. Кептин баары ушул жерде жатат. 386 миллион долларга чала-була бирдеме кылбастан, эски ЖЭБди ийне-жибине чейин оңдоп койсо болмок. Же кошуна өлкөдөгүдөй 300 миллион долларга жаңы ЖЭБ куруп коюш керек эле»,— деди президент.

Мамлекет башчысы эми ЖЭБди толугу менен модернизациялоого тапшырма бергенин кошумчалап, каржы булактарын издешерин айтты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты