Жапаров Өзбекстандын президентине I даражадагы “Манас” орденин тапшырды
- 3 недели мурун
Президенти Садыр Жапаров 30-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге I даражадагы “Манас” орденин тапшырды.
Маалыматка ылайык, жогорку мамлекеттик сыйлык Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эки элдин достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн ыйгарылган.
Сыйлык тапшыруу учурунда Жапаров кыргыз-өзбек мамилелери жогорку деңгээлге жеткенин белгилеп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык кеңейип жатканын айтты. Өз кезегинде Мирзиёев көрсөтүлгөн сый-урмат үчүн ыраазычылык билдирип, бул сыйлык эки мамлекеттин ортосундагы достук жана өнөктөштүктүн жогорку баасы экенин белгиледи.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.
Муну бөлүшүү




