Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди тосуп алды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 30-июлда, Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Аны Ысык-Көл облусундагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Маалыматка ылайык, Аэропорттун аянтында Ардак кароол ротасынын аскер кызматкерлери тизилип турушту. Андан ары президенттер өтүүчү жолдун боюнда кыргыз элинин байыркы аңчылык өнөрүн чагылдырган “Салбуурун” этнографиялык композициясынын катышуучулары – бүркүтчүлөр алгыр куштары жана тайгандары менен турушту.

Ч. Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли кыргыз жана өзбек күүлөрүн аткарып, боордош эки элдин достугун, өз ара сый-урматын жана ынак коңшулук мамилесин даңазалады.

Аземдин соңунда улуттук стилде жасалгаланган эки жарым боз үйдүн фонунда театралдаштырылган этнографиялык көрсөтмө коюлду. Анда кыргыз элинин меймандостугу, үй-бүлөлүк баалуулуктары жана конок тосуу салттары чагылдырылды.

Мамлекеттик сапардын алкагында Мирзиёев Жапаров менен бетме-бет жана кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле ал Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусуна катышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты