Жапаров Ысык-Көлдө өрүгүн сата албай жаткан дыйкандарга түшүмүн кайра иштетүүгө берүүнү сунуштады

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көлдө өрүгүн сата албай жаткан дыйкандарга түшүмүн кайра иштетүүгө берүүнү сунуштады.

Өкмөт башчысы «Азаттыкка» берген маегинде Ысык-Көлдө өрүгүн сата албай жаткан дыйкандардын көйгөйү боюнча суроого дагы жооп берди.

Анда ал  Балыкчыда шарап заводун иштетүү пландалып жатканын, кийинки жылы бир да өрүк жерде калбагандай болуш керек экенин билдирген.

Ал эми быйыл түшүмү баа болбой жаткан дыйкандарга өрүгүн Ананьево айылындагы кайра иштетүүчү заводко тапшырууну сунуштады:

«Ыйлап жаткандар өрүктү кайра иштетүүгө беришсе жакшы болмок. Ысык-Көлдүн Ананьево айылында 5,5 миң тонна өрүктү кайра иштетчү завод турат. Ал жакка эч ким алып барбай жатат. Келип үйдөн алып кеткиле дейт. 5,5 миң тонна кайра иштетүүчү завод өрүк, алма бергиле деп күтүп жатат».

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты