Жапаров: “Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолуна бөлүнгөн сумманын жарымынан көбү уурдалып кеткен”
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Балыкчы – Кочкор темир жолунун жана Кочкор станциясынын ачылыш аземинде Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолуна алынган каражаттардын көбү уурдалып кеткенин айтты.
«Бул жерде Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолуна байланыштуу дагы бир салыштыруу келтирсе болот. Узундугу 433 чакырым болгон Балыкчы — Жалал-Абад жолунун долбоорунда бир чакырымдын баасы 2,5 миллион доллар деп көрсөтүлгөн.
Бирок ошентсе да бул жол аягына чыкпай бүгүн да толук пайдаланууга берилбей турат. Албетте, бул сумманын жарымынан көбү уурдалып кеткен”, — деди Садыр Жапаров.
Ал темир жол менен авто жолду салыштырууга болбой турганын билдирди. Бирок темир жол кымбат жана татаал курулуш болгонуна карабай темир жолдун 1 км үчүн 955 миң доллар сарпталганын айтты.
Сүрөт: Ынтымак Ордо




