Жапаров: Ширшов менен схема түзүп иштешкидей мен Максим же Айдар эмесмин

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган маегинде “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовдун Кыргызстанга келиши жана анын тегерегинде айтылып жаткан кептер боюнча комментарий берди.

«Ширшов менен 2010-жылга чейин бир туугандай болуп, бирге иштеген айрым депутаттар азыр парламентте олтурушат. Эл шайлады да, эмне кылабыз. 2010-жылга чейин кайдан, канча уурдаганын Ширшов айтып койбосо экен деген ой-санаа басып жатса керек. Ошол үчүн паламенттин трибунасынан ызы-чуу салып жатышат. Ширшов менен схема түзүп, аны менен иштешкидей мен Максим же Айдар эмесмин. Тескерисинче, кимде-ким аны менен схема түзүп иштеше баштаса, мейли ким болбосун баары камалат. Мурдагы заман жок. Мындан ары канча уурдасаң, ошону жүз эселеп казынага төгүп берип анан кутуласың. Албетте, коррупцияны жүз пайыз тыйып койдук дегенден алысмын. Биз билбей же көрбөй калган кылмыштар көп эле болушу мүмкүн. Бирок бийлик башындагылар мурдагыдай схема түзүп, паракорчулукка, уурулукка эч качан аралашпайт», деген президент.

Мындан тышкары ал Ширшовду кабыл алуусу элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек экенин белгилеп, бул маселелер боюнча кийинчерээк кеңири маалымат берерин айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты