Жапаров менен Путин кыргыз-орус мектептеринин курулушуна старт берди

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин видеобайланыш форматында Кыргызстандагы биргелешкен үч кыргыз-орус мектептин курулушуна старт берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорго ылайык, жалпы тогуз заманбап билим берүү мекемеси өлкөнүн бардык облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында курулат.

Бишкек, Баткен жана Караколдогу алгачкы үч мектепти 2025-жылдын сентябрында пайдаланууга берүү пландалууда.

Ишке киргизүү аземин ачып жатып, Садыр Жапаров 2025-жылдын 1-сентябрына карата бул мектептер кыргызстандык окуучулар үчүн эшигин ачарын белгиледи.

“Бүгүн Кыргызстандын жана Россиянын бардык мектептери эшигин кенен ачып, окуучуларды кабыл алууда. Өлкөбүздө 150 миңден ашык окуучу мектеп босогосун биринчи жолу аттады. Өлкөбүздүн ар бир облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында Владимир Владимировичтин жеке колдоосу менен ар бири 1224 орунга эсептелген 9 заманбап мектеп курула турганын кубанычтуу белгилеймин. Мектептер бардык зарыл нерселер менен камсыздалат, анын ичинде жогорку технологиялык жана заманбап жабдуулар, бассейндер, спорттук эс алуу жайлары”, — деди Садыр Жапаров.

Ошону менен ката президент бул мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө эки өлкөнүн аттестаттары берилерин белгиледи. Жаңы мектептерде окуу орус тилинде жүргүзүлүп, окуу программасы эки өлкөнүн мамлекеттик стандарттарынын негизинде түзүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты