Жапаров «Манас» жана «Ош» аэроптортторун тышкы башкарууга өткөрүп берүү сунушун түшүндүрдү

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Манас» жана «Ош» аэроптортторун түркиялык компанияга тышкы башкарууга берүү сунушу боюнча «Кабар» агенттигине түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, учурда аба майдандарын инвесторлорго өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер инвесторлор өкмөт койгон шарттарга макул болсо гана келишим түзүлөт.

Жапаров бүгүнкү күндө бул эки аэропортко күнүнө 16 учак конуп-учуп жаткан болсо, эки жылдан кийин 160 учак болорун, эң акыркы үлгүдөгү жаңы учуп-конуу тилкеси жана жүк ташуучу терминал куруларын, жылына жүз миң тоннадан ашык жүк өтүп турарын айтты.

«Бүгүн биз 100 пайыз өзүбүздүн үлүшүбүз менен жылына 4 миллиард сом пайда көрүп жатсак, эки жылдан кийин 50 пайыз үлүшүбүз менен эле 8 миллиард сом пайда көрө баштайбыз. Анткени эки аэропортубуз тең: “Манас” менен “Ош” хаб болуп иштей баштайт», — деди Жапаров.

Мындан тышкары ал учурда келишимдин мөөнөтү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Анын айтмында, өкмөт келишимди 29 жылга, инвесторлор 39 жылга түзүүнү сунуштап жатат.

Кыргыз өкмөтү «Манас» жана «Ош» аэропортторун түркиялык YDA INŞAAT аттуу компанияга сырткы башкарууга берүүнү көздөп жатканын Жапаров Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында билдирген. Ал саясий чечим кабыл алынганын, азыр юристтер жана экономисттер меморандумду карап жатышканын айткан.

Парламенттин айрым депутаттары стратегиялык объектилер жең ичинен белгисиз компанияга 39 жылга сырткы башкарууга берилип жатат деп сындап чыгышкан. Мисалы, депутат Жанар Акаев «Бул абдан туура эмес, анткени Дүйнөлүк банк менен Эл аралык финансы корпорациясы келишим түзүп, анын алкагында ачык сынак өткөрүү каралган. Ага Германия, Нидерланддар, Түштүк Корея өлкөлөрүнөн ири компаниялар катышууга аракет кылып жатканда эч бир сынагы жок, тендерсиз стратегиялык эки объектибизди бергени жатабыз» деген оюн айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты