Жапаров Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоор тышкы карызга кирбей турганын айтты

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоордун айрым деталдарын ачыктады.

«Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде Жапаров бул долбоор тышкы карызга кирбей турганын, ал коммерциялык долбоор экенин билдирди.

«Үч өлкө биригип биргелешкен компания түздүк. Компаниянын кеңсеси Бишкек шаарында болду. Башкы директору кыргыз тараптан болду. Ал эми эки орун басары эки жактан болду. Каражаттын баары Бишкек аркылуу өтөт. Демек, темир жол бүткөнчө канча каражат кеткени биздин жана үч өлкөнүн көзөмөлүндө болот. Кытай тарап 51 пайыз акча салат, кыргыз-өзбек тарап 24,5 пайыздан акча салабыз. Эл аралык нормалар боюнча салынган каражаттар акталгандан кийин эки тарап чыгып кетип, 100 пайыз бизге калат«, — деди Жапаров.

Мамлекет башчысы бул долбоор ишке аша турган болсо, Кыргызстан туюк өлкөдөн биротоло чыгарын, Европа жана башка өлкөлөр менен Кытайдын ортосунда транзиттик өлкөгө айланарын айтты. Ошондой эле, бул долбоорлун экономикалык пайдасы чоң экенин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты