Жапаров: «Кыргызстан Ооганстандын тынч жана туруктуу болушуна кызыкдар»

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров 4-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын онлайн форматта өткөн саммитинде коопсуздук маселелерине токтолуп, катышуучуларды ооган көйгөйүн көңүл сыртында калтырбоого чакырды.

Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан Ооганстан менен ынак коңшулук мамиледе болууга жана тынчтык орногон, туруктуу мамлекетти көрүүгө кызыкдар экенин билдирди:

«Кыргызстан үчүн, биздин досторубуз сыяктуу эле, Ооганстандагы тынчтык жана туруктуулук — аймактык коопсуздукту камсыз кылуудагы артыкчылыктуу шарттардын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасы ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө даяр жана Ооганстандын тынч жана туруктуу болушуна кызыкдар«.

Ошондой эле ал Кыргызстан Ооганстандын ички иштерине кийлигишпөө принцибин карманарын жана ооган элинин тарыхый тажрыйбасынын, маданиятынын, каада-салттарынын жана улуттук өзгөчөлүгүнүн негизинде өз өлкөсүнүн келечегин аныктоо укугун сыйлай турганын белгиледи.

Индиянын төрагалыгы алдында өтүп жаткан саммитке Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Иран, Беларус, Монголиянын лидерлери катышып жатат. Мындан тышкары Бириккен Улуттар Уюму, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясы (АСЕАН), КМШ, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюму (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмелердин жетекчилери катышууда.

Саммитте Иранга ШКУга толук кандуу мүчө мамлекет макамы расмий берилет. Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Нью-Дели декларациясына жана коопсуздук, экономикалык өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жана бир катар тармактар боюнча документтерге кол коюшат.

ШКУнун 22-саммити былтыр сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты