Жапаров Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда жаратылышты коргоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасаганын билдирди

  • 10 месяцев мурун
Жапаров Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда жаратылышты коргоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасаганын билдирди

Президент Садыр Жапаров кечээ, 13-октябрда, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Билдирүүдө быйыл Кыргызстан КМШ органдарына төрагалык кылууда уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжасын арттырууга, шериктештик мейкиндигинде интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө жана чечимдерди кабыл алуу жана ишке ашыруу процессине мүчө мамлекеттерди активдүү тартууга күч-аракетин жумшаганы айтылат.

«Кыргыз Республикасынын уюмга төрагалык кылуусунун алкагында саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка маанилүү чөйрөлөрдө бир топ маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын КМШга төрагалык кылуудагы артыкчылыктарынын бири экология жана жаратылышты коргоо чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси болду«, — деди Жапаров.

Ал Кыргызстандын төрагалыгы мезгилиндеги КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин соодасы, инвестицияларды уюштуруу жана ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол койгонун баса белгиледи.

«Биз Уюмдун алкагындагы кызматташуунун бардык спектрине, анын ичинде региондор аралык кызматташтык чөйрөсүнө, коопсуздук маселелерине, эл аралык терроризмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө көңүл бурдук. Жыйында гуманитардык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө багытталган макулдашуулар жактырылып, чечимдер кабыл алынды«, — деп билдирди мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, кечээ, 13-октябрда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны болуп, анын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты