Жапаров: «Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды»

  • 2 года мурун

Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо алкагында AD Ports Group» жана «Maqta Gateway» компаниялары менен келишимге кол койду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«AD Ports Group» компаниясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, аталган ишкана Кыргызстанга логистикалык борборду жана бажы аймагын өнүктүрүү жана иштетүү үчүн Абу Дабидеги Халифа Портко (Khalifa Port) жакын жайгашкан КЕЗАД (Khalifa Economic Zone Abu Dhabi (KEZAD) эркин экономикалык аймагынан 300 000 чарчы метрден ашык жерди бөлүп берди.

«Maqta Gateway» компаниясы менен түзүлгөн макулдашуу боюнча, аталган компания Кыргызстандын Финансы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук бирдиктүү терезени түзүү аркылуу модернизациялоо жана санариптештирүү стратегиясын демилгелейт.

«Бүгүн тарыхый күн. Дүйнөлүк океандан эң алыс жайгашкан мамлекеттердин бири болгон Кыргыз Республикасы деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Бул алдыга карай жасалган чоң секирик. Кол коюлган макулдашуулар эки тараптуу кыргыз-эмират мамилелеринин өнүгүшүнө чоң түрткү гана бербестен, өлкөбүзгө кубаттуу экономикалык бурулуш жасоого жардам берет», — деп билдирген Министрлер кабинетинин төрагасы Аклыбек Жапаров келишимге кол коюу учурунда.

Бул макулдашууларга кол коюу чечими президент Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына жумушчу сапарынын алкагында кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты