Жапаров: “Кумтөрдө мындан ары да катастрофалар болот. Буга мен же Теңгиз Бөлтүрүк күнөөлүү эмес”

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде “Кумтор Голд Компани” ишканасына экологиялык мыйзамдарды бузганы үчүн салынган айыптын жокко чыгарылганы боюнча пикирин билдирди.

Жапаров «Кумтөр» боюнча түзүлгөн келишим 4-июлда күчүнө кирерин, ошондон кийин толук маалымат берерин айткан. Ал эми кендеги талкаланган экологияга азыркы бийликтин эч кандай күнөөсү жок экенин белгилеген:

«Мен буга чейин берген маегимде айттым эле. “Кумтөр” боюнча келишим 4-июлда күчүнө кирет. Ошондон кийин толук маалымат берейин. Келишим күчүнө киргенге чейин туура эмес сөздөр айтылып кетип ишти бузуп албайлы. Ал эми экология боюнча мурда кандай сөздөрдү айткан болсом, азыр да ошол эле пикирде турам. Ооба, экологиябыз абдан талкаланган. “Кумтөрдү” башынан эле туура эмес иштетишкен. Адис эместер башкарган. Ошол үчүн буга чейин канча жолу катастрофалар болгон. Жүзгө жакын жараныбыз өлгөн. Эң акыркы эле 2019-жылы болгон катастрофада эки жараныбыз каза тапты. Сөөгү табылбай калды го? Мындан ары да катастрофалар болот. Буга мен же Теңгиз Бөлтүрүк күнөөлүү эмеспиз. Кайсы күнү эмне болуп кетерин бир Кудай өзү билет, ушуну унутпагыла. Анткени иштин башы 1990-жылдарда эле туура эмес башталган. Эгер чыныгы адистер баштаганда мындай катастрофалар болмок эмес. Бир нерсени эсиңерге түйүп койгула. Биз “Кумтөрдү” 99 пайыз кыргыз элинин пайдасына чечтик. Аны жакында ийне-жибине чейин толук айтып берем».

24-майда Бишкек шаардык соту «Кумтор Голд Компани» ишканасына экологиялык мыйзамдарды бузганы үчүн салынган 261,7 млрд. сом айыпты жокко чыгарган. Бир катар жарандык активисттер бул чечимди кескин сындап чыккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты