Жапаров Чүйдөгү бир катар жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын абалы менен таанышты

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 19-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Орловка шаарындагы от казанынын иши жана Кант, Токмок шаарларында жаңыдан курулган заманбап от казандар менен таанышты.

«Иш сапардын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга калкты электр жана жылуулук менен сапаттуу камсыздоо, жылуулук берүүчү ишканалардын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо, электр менен камсыздоо тутумундагы авариялык өчүрүүлөр жана бузулууларга ыкчам чара көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди», — деп айтылат расмий маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты