Жапаров: БУУ менен биргелешкен жетишкендиктерибиз арбын. Тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы буга мисал

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы иш-чарасынын ачылыш аземинде видео кайрылуу жасады.

-Үстүбүздөгү 2022-жыл – маанилүү-маңыздуу өзгөчө жыл. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгондугунун 30 жылдыгын белгилеп жатып, мамлекетибиздин тоолуу өлкөлөрдүн БУУдагы жалпы кызыкчылыктарынын ишенимдүү колдоочусу болгондугуна сыймыктанам.

Бириккен улуттар уюму менен биздин биргелешкен жетишкендиктерибиз арбын. Ага Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялоо тууралуу бүгүнкү иш-чара дагы айдан ачык мисал. 

2030-жылга чейин БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн шериктеш болгон тоолуу өлкөлөрдү глобалдык өнүгүүнүн күн тартибинде турган жалпы кызыкчылыктарыбызды алдыга жылдырууну жандандырууга чакырам.

Ушуга байланыштуу бардыгыңыздарды Бириккен Улуттар Уюмунун тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы беш жылдык иш-аракеттер планын кабыл алуу боюнча биздин демилгебизге кошулууга үндөөр элем.

Бириккен Улуттар Уюму Тянь-Шань, Алтай, Урал, Гималай, Альпы, Кордельер жана Атлас тоолуу өлкөлөрү менен биргелешип иштеп, жаратылышы кооз көптөгөн тоолуу аймактардын жашоочуларынын өнүгүп, гүлдөп-өсүшүнө тез арада түз жардам берерине бекем ишенем.

Кайрылуумдун соңунда Кыргызстандын эл аралык тоо кызматташтыгына ачык-айкындыгын жана даяр экендигин ынандырып кетүүгө уруксат этиңиздер, -деп айтылат кайрылууда.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты