Жапаров буга чейин паспорт мафиясы болуп келгенин, мындан ары ар бир паспорт көзөмөлдө болорун билдирди

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров паспорт жана башка документтер Кыргызстанда чыгарыла баштагандан кийин тышка чыгып кетип жаткан миллиарддар (валютаны тактаган жок) сакталып калганын жана мындан ары ар бир паспорт көзөмөлдө болорун билдирди. Бул тууралуу ал «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

Жапаров буга чейин чет өлкөлөрдөн жасатып келчү паспорт жана башка документтердин мафиясы болгонун, ал майда чиновниктерден баштап, эң жогорку жетекчилерге чейин жетип турганын билдирди:

«Миллион эмес, миллиарддар чөнтөккө түшөт экен. Ошондуктан бардык документтерди өзүбүздөн чыгаруу демилгесин өз колума алдым дагы, ишти баштадык. Жыйынтыгын өзүңүздөр көрдүңүздөр, эң сапаттуу паспортторду чыгара баштадык. Биринчиден, тышка чыгып кетип жаткан миллиарддарды сактап калдык, экинчиден, ар бир паспорт өзүбүздүн көзөмөлүбүздө болот. Мурда башка өлкөлөрдөн чыгып жаткандыгына байланыштуу, канча паспорт чыгып канча адамга берилип жаткандыгын биз көзөмөлдөй албайт элек«.

Мамлекет башчысы акциздик маркалар дагы өлкө ичинде чыгып баштаганын, ушундан кийин акцизден түшкөн киреше толугу менен мамлекетке келип жатканын билдирди.

«Өзүбүздөн чыккан акциздин корголуучу элементтери күчтүү болгондуктан, эч ким жасалма кыла албайт. QR коду да болот. Тагыраагы, акцизден түшкөн киреше мындан ары кимдир бирөөлөрдүн эмес, толугу менен мамлекеттин чөнтөгүнө түшүп баштады. Айырмасы кандай экен дебейсиңерби? Эгер 2020-жылга чейин акциздик товарлардан болгону 5 млрд сом тегерегинде түшчү экен. Азыр болсо жылдын аягына чейин 25 млрд сом акча түшөрү күтүлүүдө. Бул деген сөз 2020-жылга чейин кыргызстандыктар спирт ичимдигин аз ичишчү, 2020-жылдан кийин көп ичип калды дегенди билдирбейт. Бул деген коррупциянын, уурулуктун жеткен чеги десек болот. Демек, ушунча млрд сом айырма илгертен бери саналуу эле кишилердин чөнтөгүнө түшүп келген«, — деди Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты