Жапаров «Борбор Азия — Европа бирлиги» саммитине катышуу үчүн Самаркандга барды
- 1 год мурун
Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, «Борбор Азия — Европа бирлиги» саммитине катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына иш сапары менен барды.
Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, бүгүн мамлекет башчы Европа бирлигинин президенти Антониу Кошта жана Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен менен жолугушат. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен расмий жолугушуусу болот.
Садыр Жапаров 4-апрелде «Борбор Азия — Европа бирлиги» саммитине катышат жана «Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү» эл аралык форумунда сүйлөйт.
Саммиттин жана эл аралык климаттык форумдун жыйынтыгы боюнча биргелешкен документтерди кабыл алуу күтүлүүдө», — деп билдирди Азымбакиев.

Сүрөттөр: president.kg





