Жапаров: Баткен жана Лейлектеги чек ара кызматкерлери 76 миң сом айлык ала баштайт

  • 2 года мурун

Баткен жана Лейлек районунда иштеген чек ара кызматкерлери 1-октябрдан тарта 76 миң сомго жакын маяна ала баштайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда жергиликтүү тургундар менен жолуккан учурда билдирди.

Жапаров чек арачылардын айлык акысы 1-октябрынан тарта эки эсеге жогорулатыларын, ал эми Баткен жана Лейлек райондорунда иштеген аскер кызматкерлеринин эмгек акысы дагы эки эсеге көтөрүлгөнүн белгиледи.

“Аталган эки райондо кызмат өтөгөндөрдүн маянасына эки деген коэффициент коюлду, демек, Баткен жана Лейлек районундагы чек арачылар 76 миң сомго жакын маяна алышат”, — деди Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты