Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге I даражадагы “Манас” орденин тапшырды

Президент Садыр Жапаров 31-июлда Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге I даражадагы “Манас” орденин тапшырды.

Маалыматка ылайык, жогорку мамлекеттик сыйлык Азербайжандын лидери Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эки элдин достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

Сыйлык тапшыруу аземинде Жапаров кыргыз-азербайжан мамилелери акыркы жылдары жаңы деңгээлге чыгып, союздаштык мүнөзгө ээ болгонун белгиледи. Ал ошондой эле Алиевдин аймактагы туруктуулукту бекемдөө жана кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы аракеттерине токтолду.

Өз кезегинде Азербайжандын президенти көрсөтүлгөн сый-урмат үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты