Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиевди расмий тосуп алды
- 2 месяца мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 31-июлда, Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына мамлекеттик сапар менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев келди. Аны Садыр Жапаров расмий тосуп алды.
Азем “Рух-Ордо” маданий борборунда өткөрүлдү. Өз ара саламдашкан соң мамлекет башчылар ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Андан соң эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.
Мындан кийин президенттер ардак кароол ротасынын сабын кыдырды. Президент Ильхам Алиев аскер кызматкерлери менен “Салам, аскер!” деп саламдашты. Ошондой эле лидерлер зоот кийимчен этно-аскерлердин жанынан өтүштү.
Мындан кийин мамлекет башчылар өз делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.
Биргелешкен сүрөткө түшүү аземинен кийин Садыр Жапаров жана Ильхам Алиев бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн боз үйгө жөнөштү.




