Жапаров АКШ Президенти Байденге куюндун кесепетинен курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты  

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Жо Байденге Кентукки жана коңшу штаттардагы куюндан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Ушул жаратылыш кырсыгынан улам курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм” деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Бийликтин алдын ала маалыматына ылайык, Кентукки штатындагы бороон кеминде 100 кишинин өмүрүн алды.

Губернатор Энди Бешир бул бороон штаттын тарыхындагы эң ири кырсык болуп калганын белгиледи.

Баарынан көп Грейвс округу жана анын административдик борбору эсептелген Мейфилд шаары жабыркаган. Бороон шам заводунун чатырын, юстиция сарайынын мунарасын жана анын жанындагы түрмөнүн имаратын талкалаган. Жергиликтүү бийлик Кентуккиде өзгөчө абал жарыялады.

Мындан тышкары Теннесси штатында үч киши, Арканзас штатында бир киши каза болгону кабарланды.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты