Жанар Акаев “Ош ТВ” телеканалына жаңы кызматтык унаа белек кылды
- 3 месяца мурун
Ош шаарынын мэри Жанар Акаев “Ош ТВ” муниципалдык телеканалынын ишмердүүлүгү менен таанышып, жамаатка жаңы кызматтык унаа белек кылды.
Маалыматка ылайык, жаңы унаа телеканалдын ишин жакшыртып, журналисттерге шаардагы коомдук, социалдык жана маданий иш-чараларды ыкчам чагылдырууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Калаа башчысы “Ош ТВ” телеканалы шаар тургундарын шаардык жана мамлекеттик саясат тууралуу маалымат менен камсыз кылууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Ошондой эле Жанар Акаев маалыматтык иштерди күчөтүү зарылдыгын айтып, телеканал кызматкерлеринин айлык маянасы жогорулатыларын билдирди.
Муну бөлүшүү




