Жанар Акаев курулуш иштерин жеринде текшерди

  • 2 месяца мурун

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев түнкү убакта шаар аймагындагы курулуш объектилерин кыдырып, жүргүзүлүп жаткан иштердин сапаты жана ыргагы менен жеринде таанышты.

Рейддин жүрүшүндө негизги көңүл тротуарлардын курулушуна, ошондой эле шаардагы инфраструктуралык долбоорлордун белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу аткарылышына бурулду. Калаа башчысы курулуш иштеринде талаптардын так сакталышын жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү өзгөчө белгиледи.

Белгилей кетсек, Жанарбек Акаев шаарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, курулуш объектилерин туруктуу негизде кыдырып келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты