Жанар Акаев ЖКда “Азаттыкка” каршы колдор кантип чогултулганын айтып берди

  • 2 года мурун

Бүгүн, 15-ноябрда, Интерньюстун КРдеги Өкүлчүлүгү жана «Адилет» Укуктук клиникасы Кыргызстан медиасынын аракеттер Платформасы менен биргеликте «Сөз эркиндиги жана пикир айтуу эркиндиги: мыйзам түрүндөгу демилгелер» деген аталыштагы тегерек стол уюштурду. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун токтото турууну сунуштады. Ошондой эле, «Азаттыкты» жабуу боюнча депутаттардан кол топтоо кандай жүргөнүн айтып берди.

Акаев кесиптештери кайрылуунун маңызын билбегенин, анткени катта туруктуулук боюнча кайрылуу бар экени кыскача жазылганын айтты. Катка 60 депутат кол койгон, ал эми каттын өзү көрсөтүлгөн эмес:

«Азыр «Азаттыккты» жабыш керек деп 60тан ашуун депутат кол коюп берди деп президентибиз ишенип отурат. Депутаттар кантип кол чогултту. Бизге туруктуулук, стабилдүүлүк керек десе депутаттардын көбү кол коюп берди. Тилекке каршы, окубай калгандар көп болуп калыптыр. Мына ушуну туура түшүндүрүп коюш керек. Мен депутаттарга шек келтиргим келбейт, бирок көпчүлүгүнө үстүндөгү баракты окуткан эмес, «Азаттыкты» жабуу тууралуу айткан эмес», — деп билдирди депутат.

Мындан сырткары, «Анык эмес маалыматтан коргоо жѳнүндө» мыйзамга таянып, эч эскертүүсүз медиаларды жабууну туура эмес экендигин айтты:

«Позитивди, айлык акы, пенсия көтөрүлгөнүн, темир жол курулуп жатканын бардык сайттар жазып жатат. Бирок өлкөдө массалык камоолор болуп жатса, адам укугун чектеген учурлар болуп жатса кантип жазбай койот. Бул мүмкүн эмес. Экинчиден, VPN жана башканы мүмкүнчүлүгү бизден көбүрөөк Орусия, Кытай жапса жаап койот эле го. Азыр дүйнө таптакыр башка, ЖМКны жаап салам деген мүмкүн эмес. Кайсыл айылга барсаңыз ар биринин колунда бирден смартфон бар. Бүт баарынын маалымат алуу укугу бар. Анда Whatsapp, Youtube бардыгын жаап, «Эркин-Тоо» менен «Кыргыз-Туусун» калтырып коюш керек болот. Бардыгыбыз эле Кыргызстанга күйөбүз, мен дагы күнү-түнү өлкө өнүксө экен деп ойлогондордун биримин. «Азаттыкта», «Кактуста», бардык эле медиада иштегендер Кыргызстандын жарандары. Бизде экономика өнүгүп, дүркүрөп өсүп кетсек деген эле адам«, — деп билдирди Акаев.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медианы” каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты