Жанар Акаев: «Эркин медиаларга ар кандай каралоолор, бут тосуулар болуп жатканы өкүндүрөт»

  • 2 года мурун

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев эркин медиаларга каралоолор болуп жатканын айтты.

«Конституцияга ылайык, Кыргызстанда сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынбаш керек. Акыркы күндөрү биздин кесиптештерибиз, кээ бир коомдук ишмерлер тарабынан «Азаттык», «Кактус», «Клооп» жана башка эркин медиаларга ар кандай каралоолор, бут тосуулар болуп жатканы өкүндүрөт. Мындай демилгелерге эч качан жол бербешибиз керек. Ар ким өзүнүн ишин кылыш керек. Медиалар канча киши ала турганын ушул жерде отурган депутаттар чечеби? Штаттын санына чейин чечебизби? Ар кимдин өзүнүн иши бар. Депутаттар мыйзам чыгарышы керек. 4 президент «Азаттыкты» каралайбыз дешкен. Алар кайсы жакта? Бийлик убактылуу. Элге эркин медиаларды жабалыбы же ошол маселени көтөргөн депутаттар мандатын тапшырсынбы деген суроо коёлу», — дейт ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты