Жанар Акаев: Админстративдик ресурс колдонулган жок

«Альянс» партиясынан талапкер, ЖКнын депутаты Жанар Акаев шайлоонун жыйынтыгы боюнча пикирин билдирди. Ал тымызын добуш сатып алуу фактылары тууралуу айтып, адмнистративдик ресурс колдонулбаганын айтты.

«Азыркы эсеп боюнча 170 миңдей добуш алып отурабыз. «Альянс» партиясынан өткөн депутаттар парламентте бийликтин эмес, элдин өкүлү болуп, дайыма эл тарапта болот деп мен ишендирип кете алам. Биз эми өтөрүбүзгө ишенип эле турганбыз. Экинчи же үчүнчү орунду алабыз деген ой бар болчу. Бирок ошого деле ыраазыбыз. Чын эле админстративдик ресурс болгон жок. Кээ бир алыскы айыл өкмөттөрдө болушу мүмкүн. Добуш сатып алуу чоң деңгээлде болгон жок. Бирок акырын, түнү үйлөрдү кыдырып тымызын добуш сатып алуу болгонун уктук. Эми аны так фактым болбогондуктан айта албайм. Буйруса «Альянс» парламентте эң күчтүү эл өкүлдөрүн чогулатат деп ишенем», — деп билдирди Акаев.

28-ноябрь күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоонун жыйынтыктары онлайн берилип турган сайтында дагы деле катачылыктар байкалууда. Анткени пайыздык бөлүктө жалпы добуштардын пайызы 100% эмес, 87,76 болуп жатат.

Ага чейин саат 20:50дө жалпы пайыз 160% болуп кеткен. Бул нааразычылыктарды жаратууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты