Жалпы республикалык тестке онлайн каттоо башталды
- 5 месяцев мурун
Жалпы республикалык тестке онлайн каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылы Жалпы республикалык тестке каттоо жүргүзүү (онлайн түрүндө) жөнүндө №305/1 буйругу чыкты.
Буйрукка ылайык, жалпы республикалык тестке бүтүрүүчүлөрдүн өз ыктыярынын негизинде каттоо 2024-жылдын 29-февралынан 4-апрелине чейин жүргүзүлөт.
Каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук\шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн жүрөт.
Муну бөлүшүү