Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болду

  • 1 год мурун

Кыргызстандын абитуриенттери арасында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болду. Бул тууралуу Билим берүү илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 20-июнда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаевага 2023-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болгон 54 окуучунун тизмесин тапшырды.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору берген тизмеге ылайык, Бишкек шаарынан – 39, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 4, Чүй облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 2, Талас облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 1 окуучу “Алтын сертификат” алат.

“Алтын сертификат” ала турган абитуриенттердин тизмеси министрликтин сайтына жарыяланды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты