Жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 25-майга чейин өтөт

  • 5 месяцев мурун

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 25-майга чейин өтөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуунун методикалары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Ал ЖРТга каттоо 29-февралда башталганын жана 4-апрелге чейин аталган борбордун сайтында онлайн жүргүзүлө турганын эске салды.

Каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн жүргүзүлөт.

Каттоодо бүтүрүүчүлөрдө төмөнкү документтер болушу керек:

— паспорттун оригиналы (эгер паспорт ала элек болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүк, өздүгүн аныктаган күбөлүк);

— орто билими тууралуу аттестаттын оригиналы (былтыркы жылы бүтүргөндөр үчүн);

— ЖРТга каттоо төлөмүн төлөгөнү тууралуу квитанция;

— талапка туура келген электрондук сүрөт.

«Негизги тестирлөөгө, ошондой эле ар бир предметтик тестке бир абитуриент үчүн каттоо төлөмүнүн баасы 470 сомду түзөт», — деди Батракеева.

Белгилей кетсек, ЖРТ өлкөдөгү ЖОЖдордун гранттык орундарына жана контракттык негизде окутуунун бардык формаларына кабыл алууда милдеттүү болуп саналат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты