Жалал-Абаддагы жайлоодо дайынсыз жоголгон жаран изделүүдө
- 2 недели мурун
Бүгүн, 11- январда 46 жаштагы Таш-Көмүрдүк жаранды издөө иштерин улантуу максатында 57 адам, анын ичинен ӨКМден 33 куткаруучу жана 4 дрон тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти
Издөө иштерине спутник байланыш колдонулат. Куткаруучулар керектүү шаймандар менен камсыз болушкан.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын тургуну М.Д. (1978-жылы туулган) Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп жатат.
Муну бөлүшүү