Жалал-Абаддагы «Казарман» аэропорту иштей баштады

  • 10 месяцев мурун

«Казарман» аэропорту модернизациядан кийин кайра иштей баштады. 

Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору»  ишканасы кабарлады. 

Аэропорттун 1 840 метрлик учуп-конуу тилкесин, учак жолдорун, унаа токтотуучу жайларды жана аэробекет оңдолду. 

«Казарман» аэропорту Жалал-Абад облусунун тоолуу аймагында, Казарман айылынын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан. 

Ал 22 тоннага чейинки учактарды кабыл алууга ылайыкташкан жана күндүз иштейт. 

Аэропорттун тарыхы 1940-жылдары башталган, ал эми азыркы имараты жана учуп-конуу тилкеси 1985-жылы курулган. 

Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына каттамдар аткарылып турган.

20 жылга созулган узак тыныгуудан соң аэропорт аймактын өнүгүүсү үчүн жаңы дем берет.

«Сентябрь айынын башында мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы Казарманды Бишкек менен байланыштырган үзгүлтүксүз каттамдарды ишке киргизүүнү пландап жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты