Жалал-Абаддагы базарда адамга бычак сайып, качып кеткен жаран кармалды

  • 4 месяца мурун

Жалал-Абаддагы базарда адамга бычак сайып, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 14-март күнү саат 16:25те болгон. Жаракат алган жаран ооруканага жетпей каза болгон.

🔹 Бул окуя Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын тургуну 2003-ж.т. А.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

А.И. тергөөдө көрсөтмө берип, сөз талашып уруша кеткендиктен бычак менен каза болгон жарандын далысынын асты тарабына бычак сайып жибергендигин билдирген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты